"Казакстан Европа биримдиги менен мамилесин бекемдейт". Муну 11-ноябрда Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Астанада өткөн экономикалык форумда билдирип, буларды айтты: "Европа биримдиги менен кызматташууну тереңдетүү боюнча документтер дээрлик аяктап калды. Декабрда эки тараптуу келишимге кол коюу пландалууда. Ал эми АКШ менен мамилебиз башынан эле жакшы, ошол багытты карманабыз".
Казакстан бийлиги Евразиялык экономикалык биримдикке саясат аралашпаган долбоор катары карай тургандыгын да айтты Масимов. Ал өз сөзүндө: "Казакстан бул долбоорду колдойт жана ага саясат аралашпаган, экономикалык долбоор катары карайт. Биздин позиция ушундай",- деп белгиледи.