Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Каржы министрлиги бир катар иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйында аталган министрликтин статс-катчысы Зуура Баяманова билдирди. Анын айтымында, коррупция менен күрөшүү планы 10 бөлүмдөн туруп, өз ичине 37 иш-чараны камтыйт. Анын алкагында мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды анализдөө жана инвентаризациялоо жүргүзүлдү.
“Натыйжада мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдык база жакшыртылды. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынып, жоболор, усулдук нускамалар, стандарттуу сынактык документтер бекитилди",- деп билдирди Баяманова.