Украина 13-ноябрдан баштап Орусиядан электр энергиясын импорттоону токтотот. Бул тууралуу "Укрэнерго" компаниясынын өкүлү Зиновий Буцього шилтеме берүү менен орусиялык маалымат булактары жазышты. "Билдирмеге ылайык, бүгүн 400 мегаватт кубаттуулукта электр энергиясы импорттолот. Эртеңден баштап билдирме болбойт",- деген компания өкүлү бул электр жарыгын импорттоо токтотуларын түшүндүрөрүн айтты.
Эскерте кетсек, төрт күн мурун Украинанын энергетика министри Владимир Демчишин анын өлкөсү Орусиядан электр энергиясын алуудан баш тартканы жатканын кабарлаган эле.