"Айдоочуну эмес, жүргүнчүнү ойлош керек",- деди депутат Исхак Масалиев бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында. Фракция отурумунда оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташып алектенген жеке менчик компаниялардын кайрылуулары карап жаткан. Депутат Масалиев айдоочулардын оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташуусуна тыюу салыш керек деп эсептейт.
Ал эми фракция лидери Бакыт Төрөбаев жол кырсыгы оң рулдуу унаалардын гана эмес, сол рулдуу унааларын катышуусунда деле болуп жатканын белгиледи. "Негизинен жол кырсыгынын саны өсүп кетти. 2013-жылы 4 миң 200 жол кырсыгы болсо, 2014-жылы 9 миңден ашыптыр. Демек бир жылда эки эсеге өскөн. Ошондуктан жол кырсыгын бир эле оң рулдуу унаалардын кесепетинен деп айтууга болбойт"