Айнуру Алтыбаева: "Парламент – өлкөдөгү олуттуу чечимдер кабыл алынчу жер"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бүгүн, 18-ноябрда Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлигинин Батыш Азия башкармалыгынын өкүлү Маша Фаран менен жолугушуп, тийиштүү программанын алкагында кызматташтыкты улантуу жаатында пикир алышты.

"Парламент – өлкөнүн өнүгүшүнө байланыштуу олуттуу чечимдер кабыл алына турган жер. Мында эл аралык өнөктөштөрүбүздүн да салымы бар. Биз кыргыз парламентине ырааттуу колдоо көрсөтүп келатканы үчүн Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлигинин өкүлчүлүгүнө абдан ыраазыбыз. Эми калыптанып калган эки жана көп тараптуу кызматташтык мамилелерибизди андан ары улантуу зарыл",- деди депутат.

Фаран буга чейин Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасынын алкагында көптөгөн иштер жасалганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан