Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы 17-ноябрда облустагы жергиликтүү кеңештердин төрагаларына “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча семинар өткөрдү. Семинарга 15 айылдык кеңештин спикерлери жана жооптуу катчылары катышканын Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Катышуучуларга “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамы жана
ченемдик-укуктук актыларды каттоо, жарыялоо жана юстиция органдарына сунуштоону жөнгө салып турган өкмөттүн токтомдору боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдын талаптары түшүндүрүлдү.