Быйылкы жылдын 10 айында Данды экспертизалоо борбору тарабынан Казакстан жана Орусиядан алынып келинген 15 000 тонна данга (буудай) жана жергиликтүү дыйкандардын 19 100 тонна данына баа берилди. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, дандардын сапатын аныктоого 300дөн ашык корутунду берилген.
"Азыркы күндө мамлекетибизде данды сактоодо жана кайра иштетүүдө суткасына 80 тоннадан 250 тоннага чейин буудай иштетүүчү 21 чоң ун комбинаты, 30 тоннадан 80 тоннага чейин буудай иштетүүчү 9 орто ун комбинаты жана 3 миңден ашык ун чыгаруучу кичи ишканалар бар. Данды экспертизалоо борбору тарабынан унду байытууга 25 тонна премикс каражаты 40тан ашык ун чыгаруучу комбинаттарга жиберилди",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жыл башында президент Алмазбек Атамбаев "Нан унун байытуу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, жогорку жана 1-сорттогу ундарды сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытууга ири ун комбинаттары милдеттендирилген эле.