Депутат Абдыкапар Султанов бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөрдүн көйгөйүн көтөрдү. Депутат Бишкек жылуулук электр борборун ата мекендик көмүр менен камсыздоо боюнча 2015-жылдын август айында, ал эми сырттан келүүчү көмүргө май айында тендер өткөрүлгөнүн айтып, "Ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөргө коюлган 500 миң тонна көмүр менен камсыздоо талабы 4 айда кантип аткарылсын?" деген оюн айтты. Муну жасалма тоскоолдук катары баалаган депутат көмүрдүн баасын да салыштырып берди.
Маалыматка ылайык, Казакстандан келген көмүрдүн 1 тоннасы 56 доллар, ал эми биздин көмүр 38 доллар турат. Өткөрүлгөн тендерлерге ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөр катышпай калып жатканын айткан Султанов “рынок шартында бардык компанияларга бирдей мамиле жасалсын” деген талап койду.