Сириянын президенти Башар Асад "Ислам мамлекетин" жеңгенден кийин отставкага кетиши мүмкүн экенин билдирди

Сириянын президенти Башар Асад "Ислам мамлекети" тобун жеңмейинче өзүнүн отставкага кетиши мүмкүн эместигин билдирди. Телеканалдардын бириндеги маегинде Асад: "Графикти (саясий алмашууларды ишке ашыруу) терроризмди жеңгенден кийин түзүлүшү керек. Террористтер Сириядагы маанилүү аймактарды көзөмөлдөп турган учурда саясий пландагы иштердин оң жыйынтыгын алуу мүмкүн эмес",- деп белгиледи.

Сирия лидери террористтерди жеңгенден кийинки өткөөл мезгил 1,5-2 жылга созулушу мүмкүн экенин, кийинки президенттик шайлоого катышуусу ыктымал экенин кошумчалады. "Бул маселеде чек коюучу эч кандай нерсе жок. Эгер мен сириялыктардын президенти болуп шайланып калсам, аларды жаркын келечек күтүп турат",- деди Асад.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан