Адис: "Кыргыздар тышкы миграция агымына 2000-жылдан кийин массалык түрдө аралаша баштаган"

Бишкекте бүгүн, 18-ноябрда "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши жана анын миграциялык процесстерге таасири" деген темада конференция өттү. Жыйында тышкы миграциянын агымына кыргыз улутундагы жарандар 2000-жылдан кийин массалык түрдө аралаша баштаганы, мунун негизинде Орусия Кыргыз Республикасы үчүн миграциялык өнөктөш катары калыптанганы айтылды.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Арслан Өмүрзаков сырттагы мигранттардын көйгөйлөрү катары Орусиянын аймагында иштөө үчүн документтерди бүтүрүүдөгү тоскоолдуктарды, турак жай маселесин, жарандардын социалдык жактан корголбогонун, мигранттардын өз укуктарын билбегендигин атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан