Жогорку Кеңеш депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу маселесин карап чыккан комиссиянын ишин кароону кийинки аптага жылдырды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында кабыл алышты. Буга комиссиянын өз ишин жыйынтыктай электиги себеп болду.
"Комиссия ишти карап чыкты, бирок курам бирдиктүү чечимге келе элек экен. Ошондуктан маселени бүгүнкү күн тартибинен алып салып, дагы бир аптага жылдырууну суранып жатышат. Өзүңүздөр билесиздер, айрым фракциялар бардык артыкчылыктардан баш тартууну сунуштап жаткан. Маселелер оор болгондуктан, бирдиктүү чечимге келүү кыйын болуп жатат",- деди Жээнбеков.
Аталган комиссиялык топту вице-спикер Нурбек Алимбеков жетектеп, анын курамына ар бир фракциядан 2-3төн депутат жана Жогорку Кеңештин аппарат өкүлдөрү кирген.