Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кириши миграциялык агымга таасир этпей турганы көрүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте өткөн конференцияда эксперт Айнура Элебаева билдирди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Биз ЕАЭБге киргенден кийинки миграциялык абал боюнча 3 сценарийди карап, ошого жараша келечектеги факторлорду болжолдойбуз. Биринчиси - өлкөбүздүн ЕАЭБге кириши миграциялык агымга таасир этпеши мүмкүн. Экинчиси - мамлекетибиздин жогорку квалификациялуу кадрлары Орусияга карай жөнөшү ыктымал. Үчүнчүсү - мурда барган көпчүлүк мигранттардын мекенине кайтышы күчөшү мүмкүн",- деп билдирди Элебаева.