Бүгүн Жогорку Кеңеште чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча депутаттык достук топторун бекитүү, парламенттер аралык уюмдардын, комиссиялардын жана ассамблеялардын курамдарын түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлору каралды.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбековдун айтымында, Жогорку Кеңеш менен чет өлкөлүк парламенттердин ортосундагы кызматташтык мамилелерди жөнгө сала турган депутаттык достук топторунун башчылары шайланып, алардын мүчөлөрүнүн курамы бекитилүүгө тийиш.
Жыйын жүрүшүндө достук топторунун курамына жана парламенттер аралык уюмдар менен комиссиялардын курамына кирген депутаттардын тизмеги алдын ала такталганы белгилүү болду. Алар комитеттин чечими аркылуу өздөрү кирген уюмдардын иш-чараларына катышып турмакчы.
Талкуу жыйынтыгында “Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторун бекитүү жөнүндө” жана “Парламенттер аралык уюмдардын, комиссиялардын жана ассамблеялардын курамдарын түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомдору кабыл алынды.