Жогорку Кеңеш 19-ноябрда “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Өкмөт тарабынан сунушталган бул мыйзам долбоору менен депутаттарды экономика министри Арзыбек Кожошев тааныштырды.
Мыйзам долбоорунун максаты - ун өндүрүп чыгарган ата мекендик ишканаларды колдоого алуу үчүн 2020-жылга чейин аларды салыктан бошотуу.
Кожошев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ата мекендик ишканаларга колдоо көрсөтүлбөсө, ата мекендик ишканалар атаандаштыкка туруштук бере албай кала турганын айтты. Ал эми бул демилге ишке ашса, бюджетке 220 миллион сом зыян боло турганын белгиледи.
Эл өкүлдөрү талкуу учурунда бир гана ун өндүрүү тармагын эмес, башка колдоого муктаж болуп турган тармактарды да салыктан бошотуу үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунушташты.