19-ноябрда өкмөт башчы Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Ош шаарында 17-ноябрдагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча чукул жыйын өттү.
Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жыйынга түз байланыш аркылуу тиешелүү органдардын жетекчилери катышты. Темир Сариев жер титирөөдөн жабыр тарткан Кара-Суу жана Алай районундагы айылдардын абалы менен таанышып келгенин, кырсыктын кесепети масштабдуу экенин билдирди. "Кырсыктын масштабы абдан чоң. Анын кесепетин биргеликте жоюшубуз керек. Элибиз баарына чыдап, түшүнүү менен мамиле кылып жатат. Бирок сыртта кыш. Биздин күтүп отурууга убактыбыз жок. Мамлекеттик органдар тезинен бардык чараларды көрүшү керек",- деди Темир Сариев.
Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ош облустук, Кара-Суу жана Алай районунун жетекчиликтерине үйлөрдү текшерүүнү улантып, бир жуманын ичинде толук бүтүрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жабыр тарткандарга тез арада чатырларды жеткирүүнү, Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жакынкы аралыкта биринчи зарылдыктагы азык-түлүктөрдү жеткирүүнү тапшырды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, 20-ноябрда Кара-Суу районуна жана Алай районуна 66 даана контейнер жеткирилет. Муну менен катар Темир Сариев кырсыктын масштабын эске алуу менен аларга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууну Тышкы иштер министрлигине тапшырды. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул боюнча иш жүрүп жатканын жана 20-ноябрда Бишкек шаарында атайын жыйын өтөрүн кабарлады.
Темир Сариев Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркаган жарандарга психологиялык жардам көрсөтүүнү, башка аймактарга жер титирөө болгон райондорго жардам көрсөтүүнү тапшырды.