ЖАМК: Иманкул Телтаев СИЗОго которулгандан кийин ден соолугу начар экенин айткан

Чүйдөгү №50-СИЗОнун мурунку башчысы Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы расмий маалымат берди. Мекемеден Телтаевдин жансыз денесин биринчи нөөмөттө турган кызматкер көргөнүн билдиришти. "СИЗОго киргенден кийин ал ден соолугу боюнча даттанып, медициналык бөлүмгө жайгаштырылган. Палатада ал жалгыз болгон",- деп маалымдашты.

10 күн мурун камакка алынган Иманкул Телтаев бүгүн түнү №1-СИЗОдо жаткан жеринен каза тапты.

Эскерте кетсек, жакында №50-СИЗОдон кылмышкерлер качып чыгып, Бишкек дүрбөлөңгө түшкөн. Түрмөдөн качкандар жок кылынып, бирөөсү колго түшкөндөн кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК "тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат" деп билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан