Депутат Зиядин Жамалдинов балдардын кылмышка аралашуусун токтотуу үчүн мектептерге ыйман сабагын киргизүүнү сунуш кылды

Депутат Зиядин Жамалдинов "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын бүгүнкү жыйынында балдардын кылмышка аралашуусун токтотуу үчүн мектептерге ыйман сабагын киргизүүнү сунуш кылды. Анын пикиринде, ыймандуу балдар кылмыш кылууга барышпайт. "Азыр ички иштер органдарынын өкүлдөрү 2015-жылы Баткен облусунда жаш балдар кылмышка аралашпаганын айтышты. Демек, бул жерде балдар ыймандуу болгону үчүн кылмыш кылууга барышпаганынан кабар берет. Ошондуктан мен мектептерге ыйман сабагын киргизүүнү сунуш кылам",- деди Жамалдинов.

Ал эми депутаттын суроосуна жооп берип жатып ИИМ өкүлү Баткенде элдин саны аз болгону үчүн балдар кылмыш кылууга барышпай турганын айтты. "Мисалы, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында элдин саны көп болгону үчүн балдар кылмышка көп аралашып кетип жатышат. Баткенде элдин саны аз болгону үчүн балдардын катышуусунда көп кылмыш катталбайт",- деди ИИМ өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан