Президент улуттук валютаны сатуу жөндөмүн колдоо жана чукул толкундоолорго жол бербөө керектигин айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу 20-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчыга улуттук валютадагы толкундоолорду жөнгө салуу чаралары боюнча маалымат берилди.

Президент өлкөдөгү каржы-насыя мекемелериндеги туруктуулук маанилүү экенин баса белгилеп өттү. Ошондой эле улуттук валютаны сатуу жөндөмүн колдоо жана чукул толкундоолорго жол бербөө үчүн тийиштүү чаралар көрүлүшү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан