Бүгүн, 20-ноябрда Темир Сариев ички иштер министри Мелис Турганбаевге Бишкек шаарында милициянын аймактык тескөөчүсүн атып кеткендерди тез арада аныктап, кармоону жана өлкөдөгү курал-жарактар боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берди.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев борбор калаанын 8-кичи районундагы милициянын аймактык тескөөчүсүнүн өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Бул иш ички иштер министринин жеке көзөмөлүнө алынды.
Ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловго Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагында өз жанын кыйган №50-тергөө абагынын мурдагы башчысы Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.