Турсунбек Акун кайрадан акыйкатчылык кызматка талапкерлигин сунуштап жатат. Депутаттар ал Батукаевден канча акча алганын сурашууда

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 20-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына сунушталган адамдардын талапкерлигин карап жатат. Жалпы 9 адамдын талапкерлиги сунушталса, 7 талапкердин программасын угуп, суроо беришти. Депутаттар талапкерлердин бири Турсунбек Акундун Азиз Батукаевдин абактан чыгып кетүүсүнө канчалык деңгээлде күнөөлүү экенине кызыгышты.

"Сиз буга чейин акыйкатчы болуп иштегенсиз, бирок кызматтан эмне себеп менен кеткениңизди билебиз. Сиз "Батукаев өлгөнү калды, чыгарыш керек" деп чыккан экенсиз, ал азыр өлбөй эле жүрөт. Эми канчалык деңгээлде күнөөлүүсүз жана кайсы абийириңиз менен кайра талапкер болуп жатасыз? Анан андан канча акча алгансыз?"- деп суроо салышты депутаттар.

Акун эч кандай акча албаганын айтты. "Мен гана эмес, башка кызмат адамдары да жумуштан алынышы керек эле, тилекке каршы, алар алынган жок. Мен Батукаевди абактан чыгаруу керек экендигин айтканым үчүн акча алган эмесмин. Ал эми талапкерлигим боюнча айтсам, бүтпөй калган иштерди аягына чыгарып коюу үчүн талапкерлигимди сунуштап жатам",- деп жооп берди Акун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан