Кыргыз элинин көрүнүктүү эстрада ырчысы, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Заманыбыздын супер ырчы мырзасы” Мирбек Атабеков уулдуу болду. Ырчы бул тууралуу 21-ноябрда социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасына жазды.
"Достор, бүгүн биз Мээрим экөөбүз балалуу болдук! Биринчиден, баарыбызды жараткан Аллага терең ыраазычылыгымды билдирем!"- деп жазат Атабеков.