"Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Торук айылында таза суу чыкты. Бул айылда 2800 жашоочу бар. Мурда таза суудан кыйналып келгенбиз, эми маселе чечилип, элдин кубанычында чек жок",- дейт окурман.
Айта кетсек, буга чейин Торук айылынын тургуну SUPER.KG порталына айылда көп жылдан бери таза суу олуттуу маселе болуп келгенин айткан. "3 чакырым алыстыкта жайгашкан коңшу айылдан суу ташып келчүбүз. Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасынын долбоорунун негизинде ар бир көчөгө таза суу чыгарылып жатат. Тургундар ашар жолу менен күндө иштеп жатышат, эми элибиз таза суудан кыйналбайт",- деген ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.