“Ош аймактык каттоо-сынак бөлүмүнүн ичинде соода кылган туурабы?” деген суроо салды окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына жөнөткөн билдирүүсүндө.
Окурман белгилегендей, имараттын ичинде атайын орун берилип, ал жерде соодагер столго товарларын коюп алган. "Мамлекеттик мекемеге кирип келген жарандар үчүн бул көрүнүш суроо жаратууда. Бул мамлекеттик мекемеби же кичи базарбы?"- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.