Бүгүн, 1-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарттар түзүлдү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, коляска менен өйдө көтөрүлө турган пандус, азиз адамдарга ылайыкталган багыттоочу сызык, Брайль шрифти менен терилген маалымат такталары, арыздардын үлгүлөрү жана үн чыгаруучу аппарат имаратта ориентир алуу үчүн коюлду.
Бул Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги менен эл аралык уюмдун “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында "Тең мүмкүнчүлүктөр" социалдык борбору тарабынан ишке ашырылды. Бүгүнкү иш-чарага социалдык жактан коргоо министри К.Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Д.Бекешев, сот өкүлдөрү келишти.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.