Ош облусунун Чоң Алай районундагы Кара-Тейит айылынын тургундары өз демилгеси менен каражат чогултушуп, айылдын ички жолдоруна шагыл төгүп оңдошууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, мындай иш быйыл 26-ноябрда башталган. “Буга чейин жолдордо жеңил унаа менен жүрүү кыйын болчу. Бүгүнкү күндө жумуштар бүтүп калды”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.