Жалал-Абадда окуучулар өздөрүнө чак МАИчилердин формаларын кийишти (фотолор)

Жалал-Абад ОИИБинин Жол-кайгуул кызматы №19-орто мектебинин окуучулары менен биргеликте “Симбо” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн эки сааттык ачык сабак өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - бакчадан баштап мектептин алгачкы баскычтарына чейин жол коопсуздугунун эрежелерин окутуп үйрөтүү. "Жолугушуу бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган оюн-зооктор менен башталып, тарбиялануучулар жол эрежелери боюнча алган билимдерин ар кандай буюмдар менен оюндар аркылуу көрсөтүштү. Жыйынтыгында бакчадагы балдарга таттуулар менен белектер берилип, мыктылар Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилигинин мактоо баракчалары менен сыйланышты",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nur-patriot
2015-12-04 17:19:08
келечектеги МАИчилер )))
+1
GULZAT.83
2015-12-04 18:17:18
кийимдери сонун жарашып калыптыр атайын заказ менен тиктиришкенго
+1
kyrgyzka96
2015-12-04 23:08:29
Сонун жарашып калыптыр формалары
0
zhumagul89
2015-12-05 19:32:16
Иииий мынча соннун.
0
Kunbeken
2015-12-07 09:32:36
Балдарга кызыктырып жол эрежесин уйротуунун эн сонун ыкмасын экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан