ЭЛДИК КАБАР: Камбар-Ата-2 ГЭСинин жумушчулары 2014-2015-жылдардагы маяналарын толук төлөп берүүсүн талап кылып бүгүн митингге чыгышты

Камбар-Ата-2 ГЭСинин жумушчулары бүгүн, 7-декабрда митингге чыгышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, нааразычылык акциясы айлык акынын толук жана өз убагында берилбей жатканына байланыштуу. “Жумушчулар эртең менен саат 9:00дө митингге чыгышты. Алар айлыктарын алмайынча иштебей турганын айтышууда”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин жумушчулары бүгүн пикетке чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ayida
2015-12-07 10:39:39
Берсин айлыгын баардыгы карапайым адамдар экен.Кун тун иштешет байкуштар.Суука ысыка карабай.
+10
Aviator
2015-12-07 10:44:14
берсин кечиктирбей. карапайым адамдар иштебегенде анан эмне Сариев же Жээнбеков иштемек беле.
+5
tursunbaev2004
2015-12-07 12:09:12
олбо жаным олбо болуп калды Кыргызтан,толоп бергиле бийлик элдин акысын
+2
GULZAT.83
2015-12-07 12:17:04
жумушкерлердин акысын оз убагында бериш керекта бир айлыка карап жашап атышса жакшы ГЭСте иштеген адам калыптыр олорда Россияга кетип калышса ким иштеейт!!!
+1
Rifle_2
2015-12-07 12:38:47
: мен да акча бербей койгондо иштебей кабинетти жаап кетип калдым эле. Маселе тезирээк чечилет экен бул ыкма менен.
0
daniyar84
2015-12-07 12:50:30
Бергиле бергиле байкуштар балдарын багыш керек.
+2
Manaskg.1
2015-12-07 13:53:06
Бакиев кеткен во время толой турган. Бакиевтин демилгеси менен буткон болчу ачканда башка Адам ачты. Бериш керек эмгек акысын
+2
admin_portal
2015-12-07 16:28:53
azabek87, саламатсызбы!
Элдик кабарга жөнөтүлгөн сүрөттү карасаңыз, Камбар-Ата ГЭС-2 деп даана жазылган.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуш же суроолор болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз.
0
kuban_korumbaevich
2015-12-08 08:56:37
Камбарата ГЭС-2 эмес Нарын ГЭС деп жазса туура болот.
0
kuban_korumbaevich
2015-12-08 08:59:50
Себеби Камбарата ГЭС-2 де биз иштейбиз жана айлыкты өз убагында алабыз. Кабарды жазаардан мурда тактап койсоңуздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан