Бишкекте унаасын арыктын үстүнө токтотуп койгон айдоочуну инспекторлор таппай кетип калышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. “Чүй кең көчөсүндө, "Ош базарынын" жанында унаа токтотууга бош орундар деле бар экен. Айдоочу атайын ушинтип токтотуп кеткен окшойт. Муну көргөн жол-кайгуул кызматкерлери айдоочуга айып пул салалы деп издешти, бирок таппай кетип калышты”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.