ЭЛДИК КАБАР: Кара-Суу районунда жер титирөөдөн кийин мектеп авариялык абалга келип, окуучулар мечитте жана мугалимдин үйүндө билим алышууда

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Сарай айылында 17-ноябрда болгон жер титирөөдөн кийин №30-орто мектеп авариялык абалга келип, окуучулар мечитте жана мугалимдин үйүндө билим алышууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Окуучулардын баары мечитке батпай калгандыктан, М.Досиева аттуу мугалимдин үйүндө окуп жатышат. Жаш балдар жана мектеп жамааты "биз да жаңы имаратта билим алсак" деп эңсеп, бийликтен жардам күтүшөт”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Мэри
2015-12-07 18:16:39
70-жылы Көлдүн Ак-Суу районунда 9 баллдык жер титирөө болуптур, бирок күндүз болгондуктан, адам өмүрүнө зыян келген эмес экен. Ошондо жарака кеткен үйлөрдү да бузуп, СССРдин күчү да, жалаң жыгачтан фин тибиндеги үйлөр салыныптыр. Менимче, жыгач үйлөр коркунучсуз болот окшойт деп калдым. Балким, үй салуучулар ушул нерсени да эске алышса жакшы болмок беле дейм, сапаттуу, жер титирөөгө туруштук бере тургандай үйлөрдү салышса...
+3
warsaw.
2015-12-07 18:30:25
смартфон кетти жаңы жылга аяз ата аяз кыздан супер инфонун атынан...:)
0
suyor
2015-12-07 18:59:04
Кееде ой кетет, маалымат жоноткондор бул укмуш кабар смартфонду бериш керек деп оздору эле комент жазышып койобу деп
+1
94-nuriza
2015-12-07 20:51:14
Ушу элдик кабардын ватсап номерин айтып койгула, менда жанылыктардан кабарлап турайын достор
0
admin_portal
2015-12-08 11:34:55
94-nuriza, саламатсызбы!
+996 557 47-39-39 номерине жибериңиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан