Баткен шаарындагы "Айдаралы" базарында соодагерлер дары-дармектерди башка товарларга аралаштырып, талапка жооп бербеген шартта сатышууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
“Ушуну көзөмөлдөй турган органдар эмнени карап жүрүшөт? Балким, ал дары-дармектердин сактоо мөөнөтү өтүп кеткендир. Алардын атайын дарыканада эмес, чаң, кир жерлерде сатылып жатканы тынчсыздандырат. Бул нерсе карапайым калктын ден соолугуна зыян келтирбейт деп ким кепилдик бере алат? Саламаттыкты сактоо министрлиги ушундай нерсеге көңүл буруп койсо жакшы болот эле”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.