Эртең, 9-декабрда борбор калаада кыргыз тилине арналган адабий-музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында белгилүү болду.
"Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбановдун айтымында, иш-чара жаштардын демилгеси менен өтүп жатат.
"Жаштарыбыз "Мекен, тил, маданият, жаштык" аттуу маданий-музыкалык кече уюштуруп жатышат. Өзүм көп жылдан бери тил тармагында иштеп келем. Красноярскта жашаган кыргыздардын жолугушуусу болуп, ал жакта ырларды окуп бердим эле, кыргыздарга аябай таасир бериптир. Байкасаңыздар, адамдарда азыр совет учурундагыдай пейил жок. Туугандар бири-бирине акчаны үстөк пайыз менен берип, кошунасына айранын сатып калды. Бул кече да жаштардын мекенчилдик сезимин козгоо максатында уюштурулуп жатат",- деди Курбанов.
Маалым болгондой, кече ырчылар Мирбек Атабеков, Омар, Замир Арыкбаев жана бийчилердин коштоосунда өтөт.
Уюштуруучулардын бири Амангелди Жумадилов: "Башка улуттар өз тилинде сүйлөп жатканда тамшануу менен угабыз. Алар өз тилинде оюн жеткире алышат. Азыркы кыргыз коомчулугунда эне тилинде сүйлөгөн адамдар аз. Адабий-музыкалык кече аркылуу тилибизди сүйүүгө үйрөтсөк деген ой пайда болду",- деди.