“Тамашоучу” Эмил Эсеналиев сүйүктүүсү Айгеримди ата-энесинин колунан алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына Эмил өзү билдирди.
“Айгеримди кечээ алып келдик. Учурда үйдө бака-шака түшүп, келин көргөнү келгендерди тосуудабыз. Аябай толкунданып жатам. Негизи, колдон келсе эрте эле үйлөнүш керек экен. Мен учурда 26 жаштамын, ал эми жубайым Айгерим 21де. Бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Мына эми убакыт-сааты келип, баш кошуп отурабыз. Чоң тойду, буюрса, эмдиги жылы 14-февралда өткөрөбүз деген үмүттөр бар”,- деди Эмил.
Айта кетсек, “тамашоучу” Кубанычбек Курманбеков менен ашыгы Замира экөөнүн үйлөнүү тоюнда Эмил менен Айгерим SUPER.KG порталынын "Досторуңуздардын үйлөнүү тою болуп жатат. Ал эми сиздердин той качан болот?" деген суроосуна алардын тою эмдиги жылы болорун билдиришкен эле. Эми минтип жакын күндү алыс кылбай эки жаш бир үй-бүлөгө биригип отурушат.
Эки жаштын жакшылыгы тууралуу кенен маекти "Супер-Инфонун" жаңы санынан окуй аласыздар.