Бүгүн, 13-декабрда Бишкектеги Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 8-сезонунун чейрек финалы старт алды. Бул таймашта “Позитифф”, “Кыргыз двор”, “Универсал”, “Ассорти”, “НКБ”. “Ала-Тоо”, “Порыв ветра”, “Ошингтон”, “Brooklin”, “National”, "Рота" командалары ат салышмакчы. Күлкү кечени аталган долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев алып барып жатат. Жарым финалга жолдомо берүү үчүн катышуучулардын оюнун “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, юрист Жоомарт Жолдошев, рэп ырчылары Бегиш жана Баястан, "тамашоучу" Азамат Исмаилов жана башкалар электен өткөрүшүүдө.
Кызуу даярдыкта келишкен командалардын куйкум тамашаларын көрүүчүлөр жогорку деңгээлде кабыл алып жатышат. Алар "Биатлон", "Фристайл" тапшырмалары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүп, "Биатлон" сынагында команда башчылары тамашалуу ырлар менен таймашка чыгышты. Жыйынтыгында “Универсал” командасы жеңишке ээ болду.