Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте "Курут" комедиясынын бет ачары өттү. Фильмдин жабык көрсөтүүсүнө анын авторлору, актёрлор жана кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү катышышты.
Тасманын продюсери Санжар Мыкыев: "Бул кинолента - кыргыз жергесинде илимий-фантастикалык жанрда тартылган алгачкы комедия. Аны көргөн мырзалар жашоого болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртөт деп ойлойбуз, анткени учурда өзүнө ишенбеген жигиттер абдан көп. Аларга дем-күч берүүчү кино болду деп эсептейм",- деп пикири менен бөлүштү.
Бул комедия Азамат аттуу 27 жаштагы шок жигиттин жашоосу тууралуу тартылган. Теңтуштары үй-бүлөлүү болуп, үй салып, автоунаа алганга үлгүрүшсө, башкы каарман бойдок жүрүп, сүйлөшкөн кызын кафеге чакырганга акчасы араң жетет. Бул жашоодо эч нерсеге жетишпегени аз келгенсип, сүйүктүүсү менен уруша кетип, экөө сүйлөшпөй калышат. Алардын ортосундагы мамилеге чекит коюлду дегенде Азаматка бакыт кушу сыйкырдуу курут менен келет. Мындан ары Азаматтын жашоосу кандай өзгөргөнүн тасмадан көрө аласыздар.
Айта кетсек, фильмде башкы каармандардын ролдорун Эрмек Таалайбеков жана Мээрим Атантаева аткарышкан. Комедия эртең, 17-декабрдан тарта Бишкек жана Ош шаарларындагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштамакчы.