19-20-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар катуу жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан улам жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. 19-декабрда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
20-21-декабрда абанын температурасы төмөндөп:
- Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15 градуска чейин, күндүз -3…-8 градуска чейин;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13 градуска, күндүз 0...-5 градуска чейин;
- тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -12…-17 градуска, күндүз -3…-8 градуска чейин;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25 градуска, күндүз -5…-10 градуска чейин;
- бийик тоолуу райондордо жана Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда түнкүсүн -27…-32 градуска, күндүз -13…-18 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
"Мындай аба ырайы автоунаа жолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат",- деп билдирет мекеме.