Балыкчы шаарында жаш чек арачылардын классы ачылды

Балыкчы шаарында жаш чек арачылардын классы ачылды. Маалым болгондой, кечээ, 22-декабрда Канат Абдылдаев атындагы №3-орто мектепте буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Учурда өлкө боюнча жаш чек арачылардын класстары 60 мектепте ачылган. Декабрда Ош облусунун Ноокат районунда ачылса, эми жакында Талас облусунда салтанаттуу ачылышы өткөрүлөт. Мындай класстар өспүрүмдөр арасында Ата Мекенге болгон сүйүүнү бекемдөө жана арттыруу максатында ачылууда”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан