Бишкекте ырчылар Султан, Акбар жана Мирбек "Достор" аттуу концертин элге тартуулап жатышат (фоторепортаж)

Бүгүн, 1-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Достор" деген аталышта концерт өтүүдө. Концертти 10 жыл мурун кыргыз эстрадасында пайда болгон Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиев жана Мирбек Иманбеков сыяктуу достор Жаңы жылга карата коюп жатышат. 1 саат кечигип башталган концерт жаңы жылдык бий менен старт алды. Андан соң үч дос сахнага чыгып, "Кыргызстан" деген аталыштагы ырды аткарышты. Концерттик программа шаңдуу уланууда.

Ырчылар буга чейин SUPER.KG порталына бул күнкү концерт аншлаг менен өтөрүн ишенимдүү түрдө айтышкан. Алардын бул божомолуна концерттен кийин баа берген туура болот. Ошентсе да айтып коюшубуз керек, күйөрмандар Спорт Ордосунун 70 пайызын ээлеп отурушат.

Алдын ала айтылгандай эле чыгармалар жандуу үн менен аткарылууда. Алып баруучулук милдетти Чыңгыз Мырзаев аркалап жатат.

Султан, Мирбек жана Акбардын “Достор” аттуу концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Moskva.kg
2016-01-01 19:59:18
Эски дос эстен кетбейт дегендей кайра биригишиптир да баракелде туура кыласынар коп тукурсо кол болот кол толкуса сел болот ийгилик жарата бергиле
+1
STAN_KG
2016-01-01 19:59:36
Чыңгыз Мырзаев менен Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиев жана Мирбек Иманбеков көптөн бери көрүнбөй кетишкен эле!
+4
Sobr777
2016-01-01 20:01:48
Чоон киши болуп калыптырго баары! Сахна жакшыраак жасашса болмок.а так супер
0
suiutbekov1989
2016-01-01 20:14:19
Баарын сыйлайм озгочо чынгыз мырзаевди сыйлайм
+3
take04
2016-01-01 22:08:34
Катуу чыгышты эле достор
+2
edelveis0088
2016-01-01 23:47:33
аябай жакшы отту... озгочо Мирбек Иманбековтун кызы Арууке сонун ырдады жаш болсода
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан