Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Каракол шаарынын Сүрөтчүлөр союзунун 50 жылдыгына арналган “Ак чардак” аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү. Анда көркөм искусствонун түрлөрү - живопись, графика, скульптура жана фотолор коюлду. Көргөзмө Ысык-Көл облусунун сүрөтчүлөрүнүн 50 жылда жасаган иштеринин отчёту болуп эсептелет. Ага 80ден ашуун сүрөтчү өз эмгектерин койду. Алардын арасында С.Бакашев, М.Муканбетов, А.Дайыров, А.Осмонов, Ж.Жакыпов, Ю.Шыгаев, К.Шкурпелла, Б.Мусаев, Д.Нургазиев жана башкалар бар.
Айта кетсек, Ысык-Көл облусунун Сүрөтчүлөр союзу Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында 1964-жылы 14-апрелде түзүлгөн. Бул демилге кыргыз искусствосунун эң көрүнүктүү ишмерлери Гапар Айтиев жана Жумабай Үмөтовго таандык.