Бангалордо боло турган 8-Эл аралык кинофестивалдын Азия тасмаларынын программасына кыргыз кинорежиссёру, сценарист Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" аттуу тасмасы да катышат. Сынакта аталган тасма Азиянын 11 өлкөсүнүн тасмалары менен бирге ат салышат. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тасма Каин жана Абел тууралуу Библия окуясынын азыркы версиясы. Окуя Борбор Азиянын алыскы тоолуу айылында болот. Эки бир тууган: өзүмчүл Керим жана кичи пейил Аман, алардын апасы жана жөнөкөй айылдык Салтанат аттуу кыз тууралуу. Тасмада сүйүү, жоготуу, чыккынчылык чагылдырылган.
Эскерте кетсек, тасманын дүйнөлүк бет ачары өткөн жылы жайында Эл аралык Монреал кинофестивалында (Канада) болуп, калыстар тобунун атайын "Мыкты дебюттук толук метраждуу тасма" сыйлыгын алган.
Фестиваль ушул жылдын 28-январынан 4-февралына чейин уланып, дүйнө жүзү боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлөт.