Бүгүн 15 драматург жана 9 композиторго 1 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү калем акынын сертификаттары тапшырылат

Бүгүн, 19-январда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 15 драматург жана 9 композиторго сертификат тапшырат. Калем акынын сертификаттарын министр Алтынбек Максүтов өзү тапшырмакчы.

SUPER.KG порталына аталган министрликтен кабарлашкандай, 20 жылдан ашуун убакыттан бери авторлордун жазган чыгармалары сахнада коюлуп, бирок аларга калем акы төлөнбөй келген. "Эгемендүүлүк жылдарынан кийин буга быйыл көңүл бурулуп жатат. Бериле турган сумманын өлчөмү 1 миллион 200 миң сомду түзөт",- деп белгилешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан