Ушул жылдын 18-25-январь аралыгында Индияда өтүүчү 6-Эл аралык бий жана музыка фестивалына кыргыз бийчилери жана артисттери катышууга кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз улуттук консерваториясынан билдиришти.
Кыргыз бийчилерин жана артисттерин Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссура жана хореография кафедрасынын башчысы Зарылбек Молдобакиров жетектейт. Иш-чараны Маданияттык кызматташуунун индиялык кеңеши уюштурууда. Маалыматка ылайык, артисттер Дели, Калькутта жана Гувахати шаарларында бий номерлери менен чыгышат. Фестивалга Кыргыз Республикасынан тышкары Индиянын Манипур штатынан, Шри-Ланка, Малайзия, Африка өлкөлөрүнөн жана Европадан келген артисттер катышышат.