Быйыл 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө 100 жыл болот. Бул тарыхый окуяга байланыштуу узактыгы 1 саат 45 мүнөткө созулган “Үркүн” тасмасын тартуу иштери 28-январда башталат. Бул тууралуу тасманын башкы демөөрчүсү “Саякбай манасчы” коомдук фондунун президенти Саматбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, тасманы "Саякбай манасчы" коомдук фонду жана "Кут келди" студиясы биргелешип тартышат. Анда ошол кыйын учурдагы бир үй-бүлөнүн турмушу кенен чагылдырылат. “Тасманын саясат менен эч кандай байланышы жок. Таалим-тарбиялык гана маани камтылат. Тартуу иштерин 28-январда баштоону пландап жатабыз. Фильмдин болжолдуу бюджети 17 миллион 500 миң сом”,- дейт башкы демөөрчү.