Бүгүн Бишкекке Аскар Акаев эмес, анын ордуна Илим Акаев учуп келди

Мурунку президент Аскар Акаев каза болгон агасы Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатууга келе албагандыктан, анын ордуна уулу Илим Акаев учуп келди. Ал Бишкек убактысы боюча саат 6:20да Москва шаарынан "Манас" аэропортуна келип конгонун жакындары SUPER.KG'ге билдиришти. Аскар Акаев өзү Францияда дарыланып жаткандыктан келе албастыгын билдирген.

Бүгүн Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү жерге коюлат. Ага маркумдун жакын санаалаштары жана туугандары катышат.

Асанкул Акаев 26-январда Бишкекте оорудан улам көз жумган. Ал Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын эки жолку чакырылышына депутат болгон. 1939-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган.

Айта кетсек, 2014-жылы 3-августта Аскар Акаев бир тууган агасы Болот Акаев каза болуп, акыркы сапарга узатууга коопсуздук маселесинен улам келе алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Baymat
2016-01-28 10:55:06
Мен тушунбой калдым Асанкул Акаев 2016 жылы 26 январда депутат болгонбу эмне жылын жазып койбопсуна админ
-12
Be_a_hero
2016-01-28 11:19:44
Baymat,
Асанкул Акаев 26-январда Бишкекте оорудан улам көз жумган.
Ал Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын эки жолку чакырылышына депутат болгон деп жазылып турат го. жакшылап окусан
+3
Aviator
2016-01-28 13:07:20
Baymat,дагы бир жолу окуп чыксан. баары чики-чики болот.
+4
mira77
2016-01-29 01:48:57
Baymat,жакшылап шашпай окусан
0
behappy74
2016-01-28 10:58:41
Биринчи президент кийинкилерге мисал болгудай эл учун каны-жанын берип иштеп берсе эстелигин тургузуп, сомго суротун коюп, эл тобосуно которуп алат эле го чан жугузбай.Анда Бакиев ондонгон бузуктар да чыкпас эле. Эми мынтип оз олкосуно киргенге бети чыдабай отурат,тууганына топурак сала албай.Билимин элди ондогонго жумшаса биздин Ата Туркубуз болот эле го аттин
+7
anykids
2016-01-28 11:10:02
Мына сага жаза,оз боорунду акыркы сапарга узата албоодон откон кордук барбы,эми кан жутуп отургандыр,журо бер ошол жакта ,олсо деле соогу бул жакка коюлбай калдыго
-6
tursunbaev2004
2016-01-28 16:09:27
anykids,аны эми коро жатарбыз аша чаап койдунго сен соогу бул жакка койулбай калдыго деп
+4
basyz-kaman.
2016-01-28 11:14:40
Даа адам учун эн чон жаза бул оз киндик канын тамган жерге келе албагандыгын.
+5
edu.kg.
2016-01-28 11:55:28
Айдар Акаеви жоголуп кетти да,тазараак деп Илимин жибергенго.
+6
kamyr26
2016-01-28 11:56:24
Акаев келсе озум тосуп алмакмын
+15
esimdesin
2016-01-28 15:29:34
kamyr26, Мен да сиз мн барып тосуп алат элем
+5
patriot_jigit
2016-01-28 12:10:25
Аскар Акайевич келсе жакшы болмок кооп суздугунан коркуп эле келбей койдуго
+6
alas
2016-01-28 12:12:50
А азыркы бийлик эле кыйратып иштеп атат,чукусан акаевтики эчнерсе болбой калат чоон чоон нерселер чыгат мисалы 7 апрелде болгон окуя
+9
tursunbaev2004
2016-01-28 16:10:30
alas,аны Бакиевке оодарып салышканго
-2
Deniza88
2016-01-28 13:34:12
Акаевге окшош экен )))
+3
Svoboda83
2016-01-28 15:42:45
Акаев чындыгында Францияда даарыланып жаткандыр Бийликтегилер барышты бекен барбаса уят эле болот Акаев молодец азыркыларга караганда мин эсе жакшы
+8
tursunbaev2004
2016-01-28 16:15:03
Акаевди кечириш керек болду да эми куугунтуктай бербей АШАдагы акылсыз жеке кеги болсо керек
+4
Nurtilek001
2016-01-28 18:18:49
Бийликтегилер келишине шарт тузуп алып келдиришсе болмок коопсуздугун сактап, убагында жакшы кызмат кылган,айланасындагы адамдар жаман коргозуп койгон,билимдуу адам алып келип мамлекетке иштетиш керек болчу
+1
bolotbai3
2016-01-28 21:25:57
Аскар Акаевди келсе соттойбуз дешет соттой турганга духу жетбейт бийликтин.Эгерде чындап кармап соттой турган болсо,кайтыш болгон эки агасына тен келгенден кийин кармап алса болот эле.Калп эле келтирбештин айласын кылышып,Акаевди чочутуп турат келсен кармайбыз деп.Акаев келсе азыркы бийликтин абийри ачылат да.
+1
chr1s8rown
2016-01-28 21:54:57
Акаев аялынын мариянеткасы, как сулейман султан хюремдин. Бирок хюрем куесун манипулиривать этсе, а акаевди аялы колунда ойноткон, и она покончила с кыргызстаном как хюрем с мустафой. ))
Жингеле тийди сулейман султандын кайдыгердиги. рустом м/н стерва Мустафаны олтурушот.
-2
Svoboda83
2016-01-28 22:15:20
Акаев келсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан