"Барселона" клубунун футболчулары "Валенсияны" 7:0 эсебинде утушту, Лионель Месси карьерасындагы 500-голун киргизди

4-февралга караган түнү футбол боюнча Испания Кубогунун жарым финалында "Барселона" клубу өз үйүндө "Валенсияны" кабыл алды. Беттеш 7:0 эсебинде аяктап, "Барса" финалга олуттуу кадам таштады.

Беттеш курч мүнөздө башталып, үй ээлери алгачкы мүнөттөрдөн баштап үстөмдүк орнотушту. Жыйынтыгында Луис Суарес 4 гол киргизсе, Лионель Месси 3 гол жаратты. Каталондуктардын дагы бир чабуулчусу Неймар пенальтиден гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок.

"Валенсия" беттештин 45-мүнөтүндө борбордук коргоочусунан айрылды. Мессиге карата орой оюну үчүн Мустафиге кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, майдандан четтетилди.

Командалардын ортосундагы жооптук беттеш 11-февралда орун алат. Экинчи жарым финалдык беттеш "Сельта" жана "Севилья" командаларынын ортосунда болот.

Бул беттеште Лионель Месси карьерасындагы 499-голун, 500-голун жана 501-голун киргизди. Анын ичинен футболчу 436 голду "Барселона" футболдук клубунун курамында, 49 голун Аргентинанын курамында киргизген. Ошондой эле Аргентинанын жаштар курамасында ойноп жүргөндө өз эсебине 14 гол, олимпиадалык курамада ойноп жүргөндө 2 гол жаза алган.

Барселона - Валенсия: 7:0
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bazarkyl
2016-02-04 12:59:04
Мессиге ийгилик. бактысы барбы, беш энесине жазылганбы же баарына өзүнүн күчү менен жетип жатабы?!
+6
Farm94
2016-02-04 13:17:19
Barca алга
+2
Ruslan_d
2016-02-04 13:29:22
Роналду канча гол урган ким билет?
-4
Patriot...kg
2016-02-04 15:34:50
Ruslan_d, 500дөн көп
0
Chubak3922
2016-02-04 14:03:03
Реалга тийишпей өтсөңөр жакшы болот
-5
odin-takoy
2016-02-04 16:34:18
Месси иним ос бер дагы
0
elmurat.kg
2016-02-05 01:27:06
Барса алга суперсин!
+1
admin_portal
2016-02-05 10:17:52
aslan_akjol89, саламатсызбы1
Өткөндө биз "500-голун киргизди" деп эмес, "500-оюнун өткөрдү" деген маалымат бергенбиз.
Төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/134045/
-1
insap
2016-02-05 10:34:46
Өнөр деген тигил екөөндө бар екен го!...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан