Аргентиналык футболчу, испаниялык "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси аталган клуб үчүн 500-оюнун өткөрдү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Испания чемпиондугунун 17-турунда "Барселона" - "Бетис" беттеши Лео үчүн 500-оюн болду. 500 оюнда ал 425 гол киргизип, 160 жолу голго алып келген чечүүчү пасты берген. Ошондой эле 32 ирет хет-трик (1 оюнда киргизилген 3 гол) жараткан.
Кошумчалай кетсек, Месси "Барселонанын" курамында 2004-жылы алгачкы жолу майданга чыккан. Ушул күнгө чейин 28 жаштагы футболчу команда менен 26 мелдеште чемпиондукту багындырган.