Бүгүн, 5-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы Гүлжигит Сатыбековдун "Кусалык жана төрт мезгил" аталышындагы жеке концерти өтүп жатат. Алдын ала айтылгандай эле чыгармалар жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда аткарылууда. Алып баруучулукту Союзбек Сейитказиев аркалап жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө кече ээси күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. "2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп белгиленгендиктен, мен дагы маданияттын өкүлү катары кыргыз элиме маданий жактан салымымды кошсом деген жакшы ой-тилектерим менен "Кусалык жана төрт мезгил" аталышындагы концертимди тартуулап жатам. Менин ырларымды сүйүп уккан ар бир күйөрманыма ыраазычылыгымды айтуу менен биргеликте дайыма кызмат кылууга даярмын. Андыктан сиздер менен дагы бир ирет жолугуп жатканыма абдан бактылуумун",- деди Сатыбеков.
Айта кетсек, аталган концерт 4-5-6-7-8-февраль күндөрү өтмөкчү.