Бүгүн, 5-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы Гүлжигит Сатыбековдун 5 күн катары менен боло турган "Кусалык жана төрт мезгил" аттуу жеке концерттеринин экинчиси өттү. Анда кече ээси эски жана жаңы ырларын аткарып берди. Ошондой эле бүгүнкү концертте айрым чыгармалардын бет ачары да болду. Ырлардын баары жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда аткарылды.
Тамашакөй жигиттер Болсунбек Стакеев, Талас Кашкариев жана Баатырбек Абакиров жашоодогу күлкүлүү окуяларды көрсөтүшүп, иш-чаранын башынан аягына чейин конокторго жакшы маанай тартуулашты. Ал эми алып баруучулукту Союзбек Сейитказиев аркалап, ал да мыкты тамашалары менен концертке келгендерди күлдүрүп жатты.
Кеченин жүрүшүндө Г.Сатыбеков күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. "2016-жыл "Тарых жана маданият жылы" деп белгиленгендиктен, мен дагы маданияттын өкүлү катары кыргыз элиме маданий жактан салымымды кошсом деген жакшы ой-тилектерим менен "Кусалык жана төрт мезгил" аталышындагы концертимди тартуулап жатам. Менин ырларымды сүйүп уккан ар бир күйөрманыма ыраазычылыгымды айтуу менен биргеликте дайыма кызмат кылууга даярмын. Андыктан сиздер менен дагы бир ирет жолугуп жатканыма абдан бактылуумун",- деди Сатыбеков.
Бул концерттин мыкты номерин тандоо кыйынга турду, анткени ар бир ыр жана оюн мыкты аткарылып, ар бири өз өзгөчөлүктөрү менен эсте кала турган болду. Мисалы, "Москва" аттуу ырын аткаруунун алдында Сатыбеков бул чыгарманы Орусиядагы мигранттардын суранычы менен ырдап берерин айтты. "Агенттеги махабат" ыры болсо катуу кол чабуулар менен коштолсо, "Лейлектик кызга" деген ырды коноктордун көбү Сатыбеков менен чогуу ырдап жатты.
Айта кетсек, аталган концерттер 4-5-6-7-8-февраль күндөрү өтмөкчү.