Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин сөөгү жерге берилди (фоторепортаж)

Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатууга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов, акын-жазуучулар, санаалаштары жана жакын туугандары катышты.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдында өткөрүлгөн митинг-реквиемде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан Фарид Ниязов сөз сүйлөп, акындын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана замандаштарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшө турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков маркум Сооронбай Жусуев биздин доордун залкар акыны гана эмес, кыргыз маданиятында, улуттук адабиятта өзүнчө бир чыгармачыл мектепти түптөгөн улуу устат болгонун баса белгиледи.

"Жогорку Кеңештин атынан акындын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана замандаштарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Тубаса таланты, поэтикалык даремети күчтүү, поэзия дүйнөсүндө жаңы чыйыр салып, даңгыр жолго айланткан, өзүнчө чыгармачылык мектеп түптөгөн акындар чанда кездешет. Алардын көч башында Сооронбай Жусуев турат. Тагдырдын жазганына айла жок экен, анын күлгүндөй курагында согуш оту тутанып, кан майданга аттанды. Улуу Ата Мекендик согуш алааматында айтылуу Панфилов дивизиясынын катарында салгылашып, катаал күндөрдү баштан кечирди. Акындын чыгармачылык тушоосу да дал ошол согуш талаасында кесилип, кийин өмүрүнүн акырына чейин поэзия майданында талыкпай эмгектенди. Анын:

“...Так түшүнүп таалайым ырда экенин,
Татаал жолдуу сапарга камынганмын.
Ыйык максат алдымдан шамдай жанып,
Ыр дүйнөлүү тагдырга кабылганмын”,- деген ыр саптарынан эле акындын жашоодогу башкы максаты, поэзияга болгон чексиз сүйүүсү, аяр мамилеси билинет.

91 жашка карап, анын 73 жылын жалаң чыгармачылыкка арноо ар кимдин эле бешенесине жазыла бербейт. Ал үчүн Жараткан ыроологон сейрек талант, кажыбас кайрат, талыкпаган эмгек керек. Бул дагы Сооронбай Жусуевдин акындык арымынын канчалык кенен экенин, көп кырдуу талант дареметинин бийиктигин ырастайт. Кыргыз элинин далай мууну Сооронбай Жусуевдин керемет чыгармаларын окуп жетилди. Анын ичинде биз да барбыз. Акындын 30дан ашуун ыр жыйнагы өз окурмандарын тапты. Курманжан датка менен Исхак Раззаковдун тарыхый бейнесин ыр түрүндө жазылган роман менен ачып бериши кыргыз поэзиясында чоң жаңылык болду.

Сооронбай Жусуевдин ырлары дүйнөнүн 30дан ашуун тилине которулуп, анын ичинде 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Сооронбай атабыздын чебер котормочулугунун аркасында Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Гамзатов сындуу дүйнөлүк дөө-шаалардын чыгармачылыгы менен кыргыз окурмандары жакындан таанышты. Сооронбай Жусуев залкар акын, чебер котормочу гана эмес, кыргыз адабиятында өзүнчө бир чыгармачыл мектепти түптөгөн улуу устат да болгон. Анын шакирттери улуттук маданияттын казынасын байытууга бараандуу салым кошуп жатышат. Ал эми анын калеминен жаралган 70тен ашык ырына обон жаралганы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Алар азыркыга чейин эл оозунда ырдалып келе жатат.

Сооронбай атабыз нарктуу, маңыздуу жашады",- деди Жээнбеков.

Премьер-министр Темир Сариев Сооронбай Жусуевдин кыргыз адабияты, маданиятында өзгөчө орду бар экенин белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана окурмандарына көңүл айтты.

“Сооронбай атабыз бийик адамгерчилиги, тактыгы, калыстыгы, сыпайылыгы, маданияты менен калкына жаккан, чыгармачылыктын байсалдуу жолун баскан, ошол чыгармачылыгы менен кылымдар бою өлбөстүк тапкан адам эле.

Сиз сөздүн гүлүн терип, каймагын калпып, туулган жердин жаратылышынын сүрөтүн тарттыңыз, адамдын жан дүйнөсүн байытып, турмуштун татаал сырларын ыр менен ачтыңыз. Акыркы демиңиз сууганча ыр менен жашап, ыр менен өмүр кечирдиңиз”,- деди Темир Сариев.

Митинг-реквием жыйынтыкталган соң маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Сөөгүн жерге берүүгө баргандар кезек менен ар бири топурак салды. Андан соң гүлчамбар коюлуп, куран окулду.

Эл акыны быйыл май айында 91 жашка чыкмак. Сооронбай Жусуев узакка созулган оорудан 4-февралда каза болгон.

С.Жусуев 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал 60ка жакын китептин автору, айрым чыгармалары орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулган. Ошондой эле Шекспир, Сулейманов, Гамзатов, Есенин, Махтумкули өңдүү акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган.

Акынга ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, "Моя жизнь" деген китеби үчүн А.Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Согуштагы эрдиктери жана чыгармачылык эмгектери үчүн Ата Мекендик согуш ордени, Даңк, "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары берилген.

Кыргыз эли залкар акын Сооронбай Жусуев менен коштошту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Inna_91
2016-02-06 11:21:55
Жаткан жери жайлуу болсун
+16
bolotbai3
2016-02-06 11:30:21
Жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун Сооронбай ава.Кош Сооронбай ава!!!
-14
samidinova84
2016-02-06 18:22:55
bolotbai3,сабыр кылын.
0
Elime
2016-02-06 12:14:51
Дагы бир баатырыбыздан кыргыз эли ажырап отурабыз.Жылдан жылга ардагерлерибиздин арасы суюлуп барат окунучтуу.Жаткан жериниз жайлуу болуп, бейиштен оорун алыныз!
+3
isa-80-80
2016-02-06 12:31:48
Эл акыны, Эл баатыры,согуш ардагери, поэзия алпы залкар атабыз элине эбегейсиз эмгектерди калтырып кетти. Жайын Жаннаттан берсин Жараткан.
+2
basyz-kaman.
2016-02-06 13:13:00
Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
basyz-kaman.
2016-02-06 13:13:53
Президентибиз барып топурак салып койсо жакшы болмок.
+3
s5kgbal
2016-02-06 14:05:57
basyz-kaman., ошода
+3
elmurat.kg
2016-02-06 13:31:16
Жаткан жери Жайлуу болсун.Барган сайын залкар жазуучуларыбыз азайып бара жатат.бул окундурбой койбойт.
+2
kubat_73
2016-02-06 13:35:24
Жаткан жери жайлуу болсун атабыздын кыргыз барда атыныз эч качан унутулбайт.Чондорго тан каласын кенедей созду кагаз карамайынча суйлой алышпайбы мектептин балдарынча да акылдары жокпу тоббоо.
+3
Genar.benicio
2016-02-06 16:10:14
Эмнеге орусча жазып коюшкан ?!
"Сооронбай с вами" деп , кыргызча эле жазышпайбы.
-1
Arzu.kg
2016-02-06 17:20:44
Genar.benicio, кайдан окуп жатасыз? Скорбим деп турат го?
+2
Qnet
2016-02-06 17:09:58
Жайы жанаттан болсун!Соокту анча коп кармаса болбойт,жер даяр болгон сон дароо жерге койуш керек...
0
Мэри
2016-02-06 18:22:03
"Кымбатым"
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.

Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.

Дарак тагып түркүн мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.

Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,
Эзилишип, элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи, келчи, кыш чилдеде, кымбатым.
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.
+2
Мэри
2016-02-06 18:23:29
Сооронбай атабыз мына ушундай керемет ырлардын автору...
+1
age88
2016-02-06 18:55:10
Жаткан жери жайлуу болсун! Сооронбай атабыздын бизге калтырып кеткен чыгармалары кылымдан кылымга муундан мунга ото бермекчи.
+1
dubai
2016-02-07 04:09:44
Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун...
+1
Stesh
2016-02-07 21:34:08
мен да Кара-Клжадан болом мен сыймыктанам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан