Эрежесиз эр уруш боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону Ронда Роузи: “Алгачкы жеңилүүдөн кийин өз өмүрүмө кол салууну ойлондум”

Эрежесиз эр уруш боюнча кыз-келиндер арасында Дүйнөнүн экс-чемпиону, америкалык Ронда Роузи алгачкы жеңилүүсү тууралуу ой бөлүштү. Спортчу 2015-жылы 15-ноябрда 61 килограмм салмакта америкалык Холли Холмго утулуп калган. Оор нокаут катталган бул беттеште Холм UFC`нин жаңы чемпиону аталган.

“Жеңилүүдөн кийин менин оюма өз жанымды кыюу да келди. Менде буга чейин ийгиликке жетишпегендей өзүмдү жек көрүү сезими пайда болду. Анан өзүмдүн сүйүктүүм Трэвисти көрүп өзүмө келдим. Андан балалуу болгум келгенин, жашоо үчүн күрөшүү керек экенин ойлондум. Бул менин 9 ай ичиндеги 3-беттешим болчу”,- дейт спортчу чет элдик маалымат булактарына берген маегинде.

Кошумчалай кетсек, бул спортчулардын ортосунда жооптук беттеш 9-июлга пландалган. Азырынча эки тарап так макулдашууга кол коё элек.

Ронда Роузи нокаутка кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazarkyl
2016-02-17 10:41:41
Жеңилгенди да билиш керек досум.
+6
kirgizstan
2016-02-17 10:42:39
Байкушту жандырып эле койуптурго
+2
nurkasym-2014
2016-02-17 11:50:50
Жашоодо ак кара,ойдо томон,жакшы жаман,кулуу ыйлоо ж.б.у с нерсе болот.Дайыма ойдогудай болсо анда АЛЛА жаратпайт эле.
+1
jetinur90
2016-02-17 13:04:15
Женилууну моюнга ала билуу да чон эрдик. Женилуу жеништин бир тепкичи. Бирок аялзатынын бул спортко аралашуусун колдобойт элем.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан