15-ноябрда Австралияда өткөн беттештен кийин кыз-келиндер арасында 61 килограмм салмакта UFC`нин жаңы чемпиону аныкталды. Анда америкалык мушкерлер Ронда Роузи менен Холли Холм беттешип, Холм нокаут менен жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалым болгондой, нокаут беттештин 2-раундунда катталды. Холм жеңилип көрбөгөн Ронданы сол буту менен моюнга тээп кулатты. Калыс анын эсин жоготконуна байланыштуу мушташты токтотуп, жеңишти Холмго ыйгарды.
Кошумчалай кетсек, беттеш алдында жеңишке Ронданын мүмкүнчүлүгү жогору бааланган. Ал эрежесиз эр урушта 12 беттеш өткөрүп, баарында мөөнөтүнөн мурун жеңишке жетишкен. Ал эми анын атаандашы бокс боюнча чемпион экени гана баса белгиленгени болбосо, анын жеңишке жетишерин көпчүлүк күткөн эмес.